www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 26-августта Тажикстандын учурдагы президенти Эмомали Рахмон дагы бир жолу мамлекет башчысынын кызмат ордуна өзүнүн талапкерлигин көрсөттү. Анын талапкерлигин Тажикстандын Көзкарандысыз Профсоюздар Федерациясы сунуш кылган. Бул тууралуу AП билдирди. Бүгүнкү күндө Көзкарандысыз Кесиптик Бирликтер Федерациясы жана иштеп жаткан 7 саясий партиянын 4ү өз талапкерлерин көрсөттү.
Агрардык партия өзүнүн лидери Рустам Латифзоданы, Социалисттик партиянын төрагасы Абдухалим Гаффоровду, Демократиялык партия Саиджафар Усмонзоданы жана Экономикалык реформалар партиясынын лидери Рустам Рахматзоданы көрсөттү.
Сентябрдын башында Коммунисттик партия жана бийликтеги Элдик-Демократиялык партия да өз лидерлерин президенттикке талапкер катары көрсөтүүнү пландашкан. Бирок, КСДП партиясынын лидери Рахматилло Зойиров президенттик шайлоого катышпайм деп чечкен.
Маалымат үчүн, Тажикстанда президенттик шайлоо 11-ноябрда өтөт. Президент жети жылдык мөөнөткө шайланат. Учурдагы президент Эмомали Рахмон өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келет.
Суннатилла Абдуллаев, Ташкент
Булак: NazarNews.kg