www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жуманын башында Корея Элдик Демократиялык Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ким Чен Ын комада жатат деген имиштер кайрадан тарап кетти. Расмий маалыматтарга караганда, Ким Чен Ындын абалы жакшы, ал Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунда коронавирустун жайылышын жана суу ташкынынын кесепеттерин талкуулаган жыйын өткөрдү.
Жолугушууда 26-27-август күндөрү Түндүк Кореянын жээгинде күтүлүп жаткан суу ташкынын жана бороондун кесепетин алдын алуу боюнча чукул чараларды көрүү маселеси талкууланды.
Жолугушуунун катышуучулары аймактардын калкын жаратылыш кырсыктарынан сактоо жана айыл чарбасына келтирилген зыяндарды азайтуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушууда коронавирус пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүү максатында киргизилген "карантиндик чаралардын айрым кемчиликтери" да талкууланды. Ушул кемчиликтер менен күрөшүү жана жугуштуу оорулардын жайылышынан коргоону күчөтүү үчүн Саясий бюро бир катар чечимдерди кабыл алынган.
Сунатилла Абдылдаев, Ташкент
Булак: NazarNews.kg