www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз, тилекке жараша, парламентаризмге артыкчылык берген өлкөдө жашап жатабыз. Өлкөнүн жаркын келечеги үчүн, албетте, бул жолдон тайбай, алдын көздөй туура кадамдар менен баруубуз маанилүү. Парламентаризм институту кыргыз элинин ички жан дүйнөсү, көз карашы, түпкү мүдөөсү менен да үндөшөт. Ата-бабаларыбыз ар түрдүү көйгөй маселелерди чечүүдө элди чакырып, жыйын куруп, ошол талылуу маселелерди ортого коюп, чечип келишкени тээ абалтан белгилүү.

Андыктан Жогорку Кеңештин сапаттык курамына жетишүү, бардык калайыкты, демек, ар бирибизди ойлонткон, түйшөлткөн, калчаган "көкөй кести" маселелерден болуп саналат. Бул бийликтин жогорку органына депутаттыкка шайлоонун мыйзамын өзгөртүү, өркүндөтүү боюнча учурда ар түркүн ой-пикирлер айтылып, долбоорлор сунушталып, ортого салынууда.

Эл үчүн күйгөн, чыныгы лидерлердин ЖКга келүүсүнө кантип жетишүүгө болот? Биздин оюбузча, шайлоочу добушун тигил же бул партияга бербестен, партиянын тизме барагындагы тандаган инсанын гана белгилесе. Бул үчүн шайлоо өнөктүгүнө аттанган жана жеңип чыгуу максатын көздөгөн партия жандалбас уруп, тизмесине лидерлерди камтуунун иш-аракеттерин көрөт. Партиялардын өз ара атаандашуусу туура. Бирок, шайлоочулардын партияларды тандоо принцибин түп тамырынан өзгөртүү зарыл.

Мындайча айтканда, партиянын тизмесиндеги өзү тандаган талапкерине добуш берүүсү максатка ылайыктуу. Бул учурда басымдуу көп добушка ээ болгон талапкерлердин хитпарады аныкталат да, ошол көрсөткүчкө карата партиялардын рейтинги, башкача айтканда босого баллы чыгарылып, тигил же бул партиянын парламентте отуруу мандатынын саны белгилүү болмок. 

Булак: Ачык саясат

Последние новости