www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда коронавирустан дагы эки киши каза болду. Ошону менен өлкөдө бул илдеттен өлгөндөрдүн саны төрт кишиге жетти. Бул тууралуу иран басылмалары Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда кечээ, 21-февраль күнү эки жаран коронавирустан каза болгон. Мындан тышкары вируска чалдыккан дагы 13 киши аныкталып, жети жаңы учур Ком провинциясында, экөө Гиланда катталган.

Белгилей кетсек, Иранда 19-февралда күнү тумоону жуктуруп алгандар катталып, ошол эле күнү эки кишинин илдеттен каза тапканы кабарланган. Коронавирус көбүнчө Ком аймагында жашаган же ал жакка барып кеткен адамдарда табылган. Буга байланыштуу Иран менен чектеш Армения чек арадагы абалды көзөмөлгө алганын билдирди.

Эске сала кетсек, 20-февраль күнү Ирак Ирандын жарандарына өлкөгө кирүүгө убактылуу тыюу салса, Кувейт аба каттамын токтотту.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости