www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Азыркы тапта эмне менен алексиз?

--Учурда тоодо мышыгып жүргөн кезим. Шайтан грушаларды ойлоп таптым. Ал мушташ учурунда шамдагайлыкка үйрөтө турган жакшы ыкма. Элдер «муну эми патенттеп кой» деп атышат. Социалдык тармакка көп сырларын ачкан жокмун. Калганын эл рингден көрүп алат.

--Ошондо рингге ким менен чыкканга чамынып атасыз?

--Өткөндө көрбөдүңөрбү, Нурлан Мотуев атырылып, улуу башы менен «колбаса жуткурам» деп айтты. Күйөрмандар «мушташасыңбы?» дешти, «мушташка чыкса чыгып коём, экөөбүз тең адамбыз» дедим. Кийин иш мушташка жеткенде «кой, шоу жагынан эле чыгалы, мушташпай эле коёлу?» деп жалдыраган сыяктуу айтты. Тынчып калсам, кайра «мушташам» деп айтыптыр, мен деле «не подарокмун», былчылдаша чабышкандан качпайм. Ортодон демөөрчүлөр «100 миң доллар коюп, мушташка чыгарабыз» дешкен. Спорт ордосуна экөөбүздүн беттешти эл көргөнү келмек, бирок карантинден улам ал да токтоп турат. Мен азыр Мотуев менен мушташканга дапдаярмын. Кара күч жагынан өзүмө ишенем.

--Силер жон эле элге эрмек болуп атасыңар негизи...

--Эми карабайсыңарбы, менин образдарымды туурап чыгып ырдап атканын. Өткөндө «Буй-буй» деген ырды аткарыптыр, мен ал ырды эбак эле ырдап койгом. Экөөбүздүн аткаруубузду интернеттен добушка коюшуптур, 30 миңден ашуун адам мага добушун берип, мактап атат. Мен эмнени кылсам, ошону туурап жасап атпайбы. Өз алдынча идея таап, фантазиясын иштетип изденбейби? Ырдаса илгери эле ырдап чыкмак да, элдер деле айтып атат, «сени туурап атат» дешип. Чын эле ошондон кийин ырдагандарыбызды салыштырып көрсөм, кудум эле мени туурап атыптыр.

--Балким Мотуевдин өзү менен жүз көрүшүп сүйлөшсөңүз, жылдызыңар келишип калаттыр?

--Ал вариантты деле колдойм. Угушума караганда, «Чыпалак баатырга» чыкпайм» деп атыптыр. Ушундан улам «менден коркуп атат окшойт» деп ойлоп калдым. Мага келип, «ынтымакташалы» деп живой жолукса деле жакшы болмок. Улууну урматтап, кичүүнү ызааттаганды мен да билем. Бирок, «жок, мушташам» десе, анысына да макулмун. Эң негизгиси дух керек. Мен керек болсо Хабибди мушташка чакыргам. Анын жанында Нурлан байке оюнчук болуп калат да...

Булак: АЗИЯnews

Последние новости