www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Шамурза Бөрүкулов Беларуссиянын президенти Александр Лукашенконун Курманбек Бакиевге берген жер  тилкеси тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Шамурза Бөрүкуловдун билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Өзүбүз баалабаган адамды өзгөлөр баалап жатат. Лукашенко деле жөн жерден жер бере койбойт, себеби ал жерде бизге салыштырмалуу мыйзам так иштейт. Лукашенкону деле сындаган, бутунан тарткан, аңдыган оппозициясы, жеке душмандары бар: "каяктагы кыргызга жер бердиң" дешип айтып чыгышат. Демек Бакиевдин иш билгилигин белорус эли да баалап жатышат. Мүмкүн ал жерде да инвесторлорду чакырып, Белорусиянын бюджетине пайдасы тийип жаткандыр, себеби Бакиев иштин көзүн билген, жоктон барды жараткан, адамдар менен сүйлөшө, иштеше билген мырза киши жана чыныгы кудай берген лидер эле. Бакиев иштеп турганда, азыр Кыргызстанды таанып болбой калат элек, бул чычалабай моюнга ала турган чындык. Өткөндө бир жугундукор: "Лукашенко өлсө Бакиевиң каякка барат эле" деп мага суроо айтып пикир жазып жаткан. Ошол жугундукорго жооп болуп, Лукашенконун Бакиевге жерди түбөлүк колдонууга, там салууга бергендиги жооп болот.

Тобоо кылдым, Атамбаевдин жугундукорлору да дал өзүндөй арам ойлонушат. Атамбаев бир жылы: " бир аз чыдап туралы. Каримов картайды, төрт жылдан кийин өлөт, андан соң ошол чек ара маселесин чечебиз" деген эле. Булары да Лукашенко качан "чичигалактика" болуп кетет экен деп аңдып жүрүшсө керек? Бирөөлөрдүн өлүмүн аңдыгандары да окшош булардын. Жаман ойлорунда Лукашенко бирдеме болсо, Бакиев колубузга түшөт дешип чүчбараны кам санап жүрүшсө керек. Кудай буюрса аз калды, заман оңолуп акыйкат күндөр келсе, Курманбек Салиевич өзүнүн туүлган жерине, эмгеги сиңген өлкөсүнө, аны сыйлап күтүп жаткан элине кайтып келет. Ал күндөр алыс эмес”,-деп жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости