www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Нурлан байке, саясаттан шоу-бизнеске оодуңузбу?

--Ушу тапта ишкерлик, ырчылык менен алекмин. Туруктуу түптөп койгон ишкерлигим бар, эки-үч үй-бүлөнү кенен баккыдай каражат түшүп турат. Жаш кезимде эле чыгармачылыкка жакын болчумун. Студент кезимде ырдап эле жүрчүмүн, бирок элге жар салгым келген эмес. Самат Дөөлөтбаков профессионал ырчы эмеспи, менин дараметимди байкады да, азыр биргеликте дуэттерди жаздырып жатабыз. Убагында, жаш кезде туугандарым «ырдап чык» десе болбой саясатка баш-отум менен кирип кетип, орус мүнөз жаным, «жан дилим менен берилип кызмат кылам» деп эки жолу түрмөгө отуруп чыктым.

--«Чыпалак баатыр» менен чырыңар эмнеден улам чыкты эле?

--Былтыр ал июнь айында Инстаграмдан түз эфир уюштуруп атып бир күйөрманы кайраштырып, «Нурлан Мотуевге чыгасыңбы?» десе «чыгам» деди. Аны угуп алып, мени да кайрагандар болду. «Кой, менден 16-17 жаш кичүү экен» дегем. «Иним, мушташты токтот, андан көрө дуэт жаздырып, экөөбүз шоу тармагында биргеликте иш кылалы» дедим. Ага болбой эле «мушташам» дей бергенинен макул болсом, кайра өзү чыңырып качты. Ортодон демөөрчүлөр «байге коюп, мушташ уюштурабыз» деген. Ошол бойдон эле калып кетти.

--Ортоңордо бир топ сөздөр айтылды. Улуулук кылып ошо бойдон эле теңелбей койбойт белеңиз?

--Эми ал «мушташасыңбы?» деп атса, теңелбей койсоң, аны элдер коркоктук катары баалашат. «Ушу улуулук, акылмандык кылды» деп эч ким айтпайт. «Коркуп качты» деген сөздөн көрө мушташта өлгөн жакшы да, туурабы?

--Мисалы, сөздөн ишке өтүп, «Чыпалак баатыр» рингге чыга турган болсо, сиздин физикалык даярдыгыңыз барбы?

--«Бай мактанса бир жуттук, баатыр мактанса бир октук» дейт, «Чыпалак» мактанса бир муштумдук. Бир ударыма дал келчү болсо, оңкосунан сайылат го! Мен деген Россияда 1995-97-жылдары ресторанда ырдап, эрежесиз мушташтарга чыгып жүргөм. Любоюн айрып түшпөйүмбү!

--Баса, физикалык даярдык демекчи, кантип арыктадыңыз?

--Биринчи кезекте кулкунду тыйыш керек. Эки саатта бир аз-аздан тамак ичип атам. Гормондор ошондо жакшы иштеп, организмде зат алмашуу жакшырат. Спорт залга барам, жүгүрөм. Убагы менен 8-9 сааттан кем эмес уктайм.

Булак: АЗИЯnews

Последние новости