www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир нече күндөн бери саясатчы жана жакынкы күндөн бери ырчылык менен алектенген Нурлан Мотуев менен Чыпалак баатыр ылакабы менен элге таанылган Зарлыкбек Аликенов биздин редакцияга “Нурлан Мотуев менен күрөшкө чыгып, эсине келтирип коюшум керек”,-деп байланышка чыкты. 

--Саламатсызбы, Зарлыкбек. Нурлан Мотуев менен күрөшкө даярданып жатыптырсыз, ушул чынбы?

--Ооба, аябай каттуу даярданып жатамын. Азыр карантинге байланыштуу үйдөн чыкпай элемин, оору жуктуруп албайын депчи. Тиги Нурлан Мотуев менин жиниме тийип мушташамын деп чыгып алыптыр. Көрсөтөм ага мушташканды. Керек болсо килтейген качок балдарды жыгытып салганмын. Керек болсо мага Хабиб чыкпаймын деп айткан, Мотуев мага ким болуп кетиптир. Мен жаш жигитмин, ал чал да. Мени менен рингге чыксын кыйын болсо. 

--Мотуевдин кайсы сөзүнө ардандыңыз?

--Менин атыман толук айтпай, Чипо деп коюптур, ал тургай маекте 1-класстын окуучусундай жазат  деп айткан. Мотуевге айтып койгула, мен "за то" өтө түшүнүктүү, кыргыз элине күйгөн, патриот, жүрөгү таза баламын.  Мен го артисмин, рекордсменмин. Жогорку Кеңештин депутататтары деле же окуй албай же сүйлөй албай олтурушат го. 

--Мисал үчүн?

--Менин толтура трюктарым бар. Менин аткарган трюктарымды Мотуев такыр кыла албайт. Мен аны менен жолукканда жумуртка жуткурамын. 

--Сиз ырдай  аласызбы?

--Ооба, мен Мотуевге караганда мыкты ырдаймын, эстрадалык жанрда, рэп “либой” ырларды тытып ырдаймын. Мотуев мага караганда начар ырдайт экен. Эми мен Мотуев менен “бойго”чыгамын. Ортого 100 миң доллар байге  коюлат. Артка жол жок. Бул биздин ринг тарыхта калат. 

--Баса, “Чоң Казатка” чакырды дедиңиз?

--Ооба Мотуевге караганда атактуумун да.  Мына кечээ жакында “Чоң Казатка” чакырды эле аларга ойлонуп көрөйүн деп айттым. 

--Эмнеге ойлонуп көрөйүн дедиңиз?

--Ууруларды кустуруш керек, туура. Бирок алар менин шартыма көнсө барам, көнбөсө барбаймын. Мисал үчүн менин 5 мыйзамымды колдосо барам. Алсак:

Ууру, чыккынчыларга өлүм жазасын киргизүү; 

Чет өлкөдөн карыздарды кутулуу;  

Мамлекетте президенттик эле башкаруу;

Кыргыз жерлери сатылбасын, 

Чет элдиктерге берилбесин, чек аралар тосулсун жана ылдам жүрүүчү поезд жолдор, завод-фабрикалар курулушу керек. Ушул мыйзамдарымды колдосо анан “Чоң Казатка” кошуламын.

--Маегиңизге рахмат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости