www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде жана мамлекетибизде коронавирус илдетинин жайылуу коркунучун алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 714 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарында зарыл болгон чараларды көрүп, кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу  ИИМдин ИКАКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 714 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы жарандар менен мыйзамдуулукту, коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдын шарттарын бузбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп келишүүдө.

Эскертүү ирээтинде: Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички Коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы Кыргыз Республикасында киргизилген Өзгөчө абал жана Өзгөчө кырдаал киргизилген учурларда ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Жалал-Абад областынын Сузак районунда, Ош областынын Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондорундагы санитардык-карантиндик посттордо күнү-түнү кызмат өтөшүп келишти.

Булак: NazarNews.org

Последние новости