www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистанда "Airbus 320" жүргүнчү ташыган учак кулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, учак "Pakistan International Airlines" авиакомпаниясына таандык болгон. Ал Лахордон Карачиге ички каттам менен учкан. Geo TV агенттигинин билдиришинче, учак Карачи аэропортуна коноруна бир мүнөт калганда кырсыкка учураган.

Учурда жабырлануучулар тууралуу маалымат таратыла элек. Бортто 90 адам болгондугу маалымдалууда. Кырсык болгон жайга куткаруучулар жана аскер бөлүмдөрү жөнөп кетишкени маалым.

Булак: NazarNews.org

Последние новости