www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрөөр замат коомчулук козуп эле жатып калды. Бир даары эӊ туура айтты дешсе, бир даары опулдады, күпүлдөдү деп жатат.
Эми ошол эки тарапты талдап көрөлү, Камчыкенин айткандарына макул болгондор жалаӊ өз ысымдары менен чыгып, анын айткан дегени чындык экенин, ушул тапта мындай акыйкаттуулук кагазга оролуп, сылап сыйпоо менен жабылып калбай элге ачык жеткирилиши керек дегендер. Ошол эле маалда Ташиевдин маалымат жыйынынан кыйкым издеп, аны каралап, жаманатты кылууга жан далбастагандардын дээрлиги жүзүн жашырган фейктер болууда.
Ооба, саясый айдыӊда сөзсүз карама каршы тарап болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок, ошол каршы тарап “катын жүрүш” кылуу менен беттерин жапкан, өз ысымдарын жашырган, фейктер болбошу керек! Мындай ыкманы колдонгондор коомго абдан коркунучтуу, алар качан болбосун жеке кызыкчылыктары үчүн көшөгө артынан оюн кылуу менен чындыктын көзүнө чөп сайып турушат. Эгер алар чындыкты каалашса анда неге ачыкка чыга алышпайт. Анткени аларда так ушул Ташиевдикиндей батыл жүрөк жок!
Ошон үчүн Ташиевдин жалган маалымат таратуучулар менен фейктердин тилин тартып, тизгиндөө керек дегенине жан талашып каршы чыгып жатышат. Ырасында, Камчыке эӊ туура айтты. Муну жалпы коомчулук деле колдоп, керек болсо өздөрү демилге көтөрүп, “Соцтармактардагы фейк фабрикалардын жүзүн ачууну, аларга бөгөт коюуну, социалдык тармактарды реалдуу катталуучулар гана колдонуу укугун алуу талабын” эбактан бери эле айтып келе жатышпады беле.
Ташиев жалган маалымат таратуучуларды, жасалма аталыштар менен соцтармактарда террор жазап жаткандарды тизгиндөө керек десе эле аны эл душманына айланта калуу акылга сыябы? Ташиев болгону бүгүнкү күндүн ачуу чындыгын айтты. Чычалабагыла, урматтуу фейктер жана алардын кожоюндары, чындык ушундай ачуу болот!
Булак: Asaba.kg