www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Флориданын Парклэнд шаарындагы мектептеги ок атуудан адамдар көп адамдар курман болгонуна байланыштуу АКШнын президенти Доналд Трампка көңүл айтты.
“Кыргызстандын элинин атынан жана өз атымдан трагедияга байланыштуу чын ниетимден көңүл айтам” деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.
Президент Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ошондой эле жабыркагандардын баарына тез сакайып кетишин каалай турганын билдирип коюуну өтүндү.
АКШнын Флорида штатындагы "Stoneman Douglas High School" мектебине 14-февралда куралчан киши кирип барып, 17 адамды атып өлтүргөн. Жергиликтүү маалымат каражаттары элүүдөн ашуун адам жарадар болгонун билдирип жатышат. Окуя болгон эле күнү ок атууга шектүү катары ушул эле мектептен мурда чыгарылган 19 жаштагы Николас Круз кармалган. Ал Флорида "актардын штаты" болушун жактаган "Флорида республикасы" деген уюмдун мүчөсү экени аныкталган. ФБР окуянын терроризмге байланышы жок экенин билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg