www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түшкө чейин имам, түштөн кийин "Иван"

Бүгүн жума намаз. Мечит жактан өтүп бараткам. Эркектер абдан көп, бирок унаа тыгынында туруп тажап кеткендер да арбын. Борбордук мечиттин тышына чейин отуруп алып намаз окугандарды карап таң каласың. Ошолордун арасында да кошунамды көрүп калып, "бул эмне кылып жүрөт?"- деген ой келди. Кечээ эле майрамдап жүрбөдү беле дедим ичимден. Жанына барып аракты таштадыңызбы деген суроо узаттым. Көрсө, күнөөлөрү кечирилет деп барат экен. "Эртең эле бөтөлкөгө барам, таштай албайм" деген жоопту укканда, зейиним кейиди. Мечиттин жанында кайырчыларды көрүп таң калдым. Алардын көбүнчөсү аялдар экен. Кытай баштыкчаларын алып, ар кимден тыйын чогултуп, күнүмдүк тамактарына кичине болсо да тилеп отурушат. Алардын арасында лөлү тилемчилер басымдуу.

 Ооба, мечитке барган жакшы, намаз окуп, Кудайдын жолуна түшкөн андан да жакшы. Андай жаман жолдон чыгып, адашып кеткендер, намаздын артынан оңолуп, кайра жолуна түшүп, адал эмгеги менен тыйын да таап жаткандар жок эмес.

Ушул макала менен менин айтайын дегеним: бирөөнүн акчасын алгандар, коррупционерлер, алдамчылар, уурулар, шылуундар, ж.б. ушул сыяктуу адамдар намаз окуп калуу менен күнөөлөр кечирилбейт!

Ар бир кылган күнөө үчүн акыретте жооп беребиз!!! Ошондуктан, бир жамандык кылгандан мурда терең ойлонсок, калп эле намаз окуй бербей...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости