www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Кувейт Мамлекетинин Эмири Шейх Сабах Аль-Ахмед Аль Сабахты  Кувейт Мамлекетинин Улуттук күнү менен куттуктады.

“Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы калыптанып,  өз ара ишеним жараткан мамилелер  эки өлкөнүн элдеринин гүлдөп өнүгүшү үчүн өз ара пайдалуу кызматташуунун жана конструктивдүү диалогдун маанайында ырааттуу өнүгө берет деп ишенем. Кыргыз-кувейт мамилелеринин бардык багыттарын  мындан ары  тереңдетүүгө кызыктар экендигимди  билдирем”,- деп белгиленет Кыргызстандын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт Мамлекетинин Эмири Шейх Сабах Аль-Ахмед Аль Сабахка чың ден-соолук, бакубатчылык жана бакыт-таалай, ал эми достук мамиледеги кувейт элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады деп билдирет президенттин Басма сөз кызматы.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости