www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын АКШ менен жолугушууларды өткөрүүгө каалоосу болгонун билдирилди.

Йонхап маалымат агенттигинин Түштүк Корея Президенттик сарайынан берилген билдирүүгө таянып берген маалыматына караганда, Пхенчхан шаарындагы Кышкы Олимпиадаларынын жабылыш аземи үчүн бул өлкөгө барган түндүк кореялык генерал Ким Ен Чол, мамлекет башчысы Мун Чжэ Ин менен жолукту.

Жолугушууда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Вашингтон менен байланыштарды күчтөндүрүү каалоосун сөз кылган генерал Ким, Түндүк Кореянын АКШ менен жолугушууларды өткөрүүгө ачык экенин айтты.

Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосундагы оң атмосфера Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жаңы жылдагы сөз сүйлөөсүндө Пхенчхан-2018 Кышкы Олимпиада оюндарына делегациясын жибере ала турганын, бул темада Сеул менен жолугушууларга ачык экендиктерин жарыялоосу менен башталган.

Бул дипломатиялык жакындашуунун натыйжасында эки өлкөнүн арасында 2016-жылдан бери жабык турган байланыш багыты кайрадан ачылган.

Эки өлкөнүн делегацияларынын Эл аралык Олимпиада комитетинин карамагында жетишкен келишимдин алкагында олимпиадаларга Түндүк Кореядан 22 спортчунун катышуусу жана эки өлкөнүн спортчуларынын олимпиада аземинде бир желектин астында жүрүшүнө чечим чыгарылган.

Айрыкча Пхенчхан Кышкы Олимпиадаларынын 9-февралда өткөрүлгөн ачылыш аземинде Түндүк Кореянын мамлекет башчысы Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо-йонг менен АКШнын вице-президенти Майк Пенс да катышкан.

Аземде Йо-Йонг Пенстин дароо артында отурган, бирок эки тараптуу жолугушуу болгон эмес.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости