www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Cот Канат Исаевди дагы  бир айга камады!

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасын карап, аны 28-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна саясатчынын жубайы Жамиля Исаева кабарлады. Анын айтымында, сот иш боюнча тергөө уланып жатканын айткан.

Исаевди былтыр 30-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармаган. Буга депутат "бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат" деген негизде интернетте тараган видео себеп болгон. Башкы прокуратура Канатбек Исаевге Кылмыш кодексинин 27-беренеси (кылмышка даярдануу), 233-беренеси (калайман башаламандык) жана 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу) боюнча иш козгогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости