www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сатыбалдиев: ЖЭБдеги абал боюнча эчак мамкомиссия түзүш керек болчу Бишкек жылуулук электр борборундагы абал боюнча эчак эле мамлекеттик комиссия түзүш керек болчу.

Мындай пикирин экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. «Коомчулук ЖЭБ кептелген кырдаал тууралуу ыкчам маалымат алгысы келет. Андыктан дароо мамлекеттик комиссия түзүп, жыйынтыктарды элге жеткириш керек болчу. Көз карандысыз комиссиянын курамына кимдер мүчө болгону маанилүү. Мамкомиссиянын жыйынтыгы бир багыттуу болот дегенден алысмын»,— дейт

Сатыбалдиев. Анын айтымында, энергетика кыргыз элинин экономикасынын өзөгү. Экономиканы саясатташтыруудан алыс болуш керек. Электр энергиянын тарифин саясатын эл менен кеңешип, баасын көтөрсө болот.

Мындан сырткары экс-премьер-министр ЖЭБди модеринизациялоо иштери 2011-жылдары пландаштырылганын кошумчалады.

Булак: "Марал радиосу"

Последние новости