www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Январь айында баш кошууга болбойбу?

Баш кошууда көпчүлүгү арзанчылыгы, берекесине карап күз мезгилин тандашат. Ошол эле убакта жылуулугуна, кооздугуна карап жаз, жай айларында баш кошкондор бар. Эч нерсеге карабай шарты туура келген убакта үйлөнүү тоюн өткөргөндөр андан көп. А астрологдордун кеңешине ишенгендер эч качан январь айында баш кошушпайт. Болбосо эмне болот? Анда кайсы айда баш кошуу ыңгайлуу? Көз жүгүртүп көрөлү.

Январь. Жаңы үй-бүлөнүн бул айда жаралышы илгертен ийгиликсиз деп эсептелинген. Астрологдордун оюна таянсак, бул айда үйлөнгөндөрдүн никеси туруксуз болот же аялы эрте күндө жесир калат деген түшүнүк бар.

Февраль. Бул ай болсо баш кошууга эң ыңгайлуу айлардын бири катары саналат. Февраль айында түзүлгөн нике союзу бекем болуп, өмүр бою бузулбайт. Айрыкча мындай никедеги аял сүйүүгө балкып, бакытка бөлөнүп жашайт.

Март. Ырымдар боюнча жаздын биринчи айында баш кошкон жубайлар узак убакытка чейин өздөрүнө тиешелүү турак жайга жете алышпайт имиш.

Апрель. Апрель айында үйлөнгөн жубайлардын жашоосу ак-кара сызыктар менен коштолот. Алардын үйүндө бактылуулук менен бактысыздык тез-тез алмашып турат. Бул жубайлардын жашоосун апрель айына тиешелүү туруксуз аба-ырайы менен салыштырууга болот.

Май. “Май айында үйлөнсөң жашоодон өмүр бою жүдөп, чүнчүп жүрүп өтөсүң” деген эл арасындагы сөз бүгүнкү күндө да актуалдуудай. Балким, бул айда көптөр үйлөнбөгөнүнүн себеби “жаз – жарыш, күз – күрөш” демекчи, элдин баары иш менен алек болуп бошобогонунда бекен?.. 

Июнь. Бул айда баш кошкондорду бактылуу, жетиштүү, бардар жашоо күтүп турат.

Июль. Жайдын экинчи айында жаралган үй-бүлөнүн ээлери эч качан зеригишпейт. Аларда ачуу да, таттуу да жашоо болот.

Август. Үй-бүлөлүк коломтосу бул айда тутана баштаган түгөйлөрдүн үйүндө бири-бирин түшүнүү, колдоо, ата-эне менен балдардын ортосундагы ишеним өкүм сүрөт.

Сентябрь. Нике тою үчүн дагы бир ыңгайлуу ай. Бул айда баш кошкон жубайларга астрологдор тынч, ишенимдүү, туруктуу никени убада кылышат.

Октябрь. Татаал жашоону баштарынан кечирет. Мындай никеде туруктуулук менен ишенимдүүлүк чанда келген конок сыяктуу. Анын ордуна кыйынчылыктар, үй-бүлөлүк маселелер ар бир кадам сайын жаралып турат.

Ноябрь. Күркүрөгөн күз мезгилинин акыркы айында баш кошуу жубайларга бардар жашоону тартуулайт. Атүгүл чириген байлар да ушулар болушат.

Декабрь. Бул айда баш кошкондордун үйүндө сүйүү, гармония жана байлык өкүм сүрөт.

Январь айында үй-бүлө отун тутанткан белгилүүлөр

Январь айында баш кошууга карата эл арасында айтылган ырым-жырымдар:

-         Январда болгон үлпөт тою эки жуптун биринин өмүрдөн эрте өтүп кетишине алып келиши мүмкүн.

-         Үйлөнүү учурунда кар жааса жаштарга айтылган ак тилектер кабыл болот.

-         Жыл жаңырып жатканда башталган нике бат-баттан жаңырып калат.

-         Январда баш кошкон жубайлардын балдары зирек чыгат.

-         Иисус Христостун туулган күнүндө жана ага даярдык болуп жаткан убакта үйлөнсө оор нике болуп калат.

-         “Крещен аязына” туш келген никедегилердин мамилеси бат сууп калат.

-         Январда асман телосунда жаңы жылдыз жаңырат. Ошондуктан бул айда баш кошкондор жыл сайын жаңычылдыкты издеп тез буттан турушат.

- Эгер кар ордуна жаан жааса жубайларды көп сыноолор күтөт. Жаан күчөсө турмуш жолдорунда татаал маселелер көп болот.

- Кар бороону башталса, жаш үй-бүлөнү таттуу тагдыр күтүп турбаганынан кабар берет

- Күндүн шооласы ак болуп көрүнсө, материалдык маселелер болбой турганын билдирет.

- Ошол күнү туман каптаса, келечекте бул жубайлар түбөлүк болору күмөн деп жорушат астрологдор.

Бирок кайсы айда качан үйлөнүп, үй-бүлөсүн ким кандай сактайт ал адамдын ички туюмунан болорун, ар бир адам өз тагдырын өзү чечерин белгилеп өткүбүз келет.

Ызаат Тургунбаева

Булак: "lady.kg"

Последние новости