www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавируска байланыштуу абал курчуп бара жаткандыгына байланыштуу Бишкек мэриясы менчигинин формасына карабай ишканаларды кызматкерлеринин 50 пайызын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген кызматкерлерди үйдөн иштөөгө жиберүү каралышы керектиги айтылат.
«Булар жашы 60тан өткөндөр, өнөкөт оорулары барлар, иммунитети төмөн адамдар, кош бойлуулар жана дарыланып жаткандар. Бирок бул эреженин шаардын жашоо-турмушунда маанилүү роль ойногон мекемелерге тиешеси жок», — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны өсүп бара жатат. Бишкек шаары бир нече айдан бери «кызыл» зонада турат.
Булак: NazarNews.kg