www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Антонио Гутерришти кызматта калышын колдоду

Кыргызстан БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерришти ушул эле кызматта дагы беш жыл иштешин колдоду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

18-июнда эл аралык уюмдун Башкы ассамблеясынын отуруму болгон. Анда Гуттериштин кызматтык мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартуу резолюциясы кабыл алынган.

Процедура боюнча ушул жылдын 8-июнунда БУУнун Коопсуздук кеңеши Антониу Гутерришти башкы катчы кызмат ордуна талапкер катары бир добуштан жактырып, уюмдун Башкы ассамблеясына аны экинчи мөөнөткө дайындоону сунуш кылган. Ал башкы катчылыкка жалгыз талапкер эле.

Гутерриш 2017-жылы бул кызматка дайындалып, ошол жылы Кыргызстанга келип кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости