www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИЛЕК-ИЛЕК... Эне-баланын ойго салган окуясы

ИЛЕК-ИЛЕК

Уткир Хошимов, өзбек жазуучусу.

Эне жаш эле. Эне жубан эле. Бала көчөт эле, бала наристе эле. Күндөрдүн биринде эне-бала айылга - алыс туугандарына бара турган болушту. Эне боюн тик кармап тез-тез басып, бала болсо эки жакка элеңдеп, айланага алаксып баратты. Айыл четинде жарымын чагылган уруп кеткен чоң чынар бар экен. Бала даракты көрүп аңырайып калды; чынардын тарбайып өскөн бутагында сурпадай чоң уя карарып көрүнүп, уяда болсо буту, тумшугу узун бир куш турган эле.

Бала ажайып нерсени көргөндөй тык токтоп калды.

- Тээ тиги эмне, апа? - деди ошо тараптан көзүн албай.

- Илек-илек, уулум, илек-илек! - эне уулунун башынан сылап койду. Жүрө кой, жаным.

Бала эч качан мындай кушту көрбөгөн болчу. Куш негедир бир буттап турган эле. Ал дагы токтоп калды.

- Ал эмне, апа? - деди дагы чынардын учуна кадала.

- Илек-илек, уулум, илек-илек!

- Эмне үчүн бир буттап турат?

Эне күлдү:

- Бир буту чарчагандыр да. Жүрө кой, балам.

Бала эч качан мындай кушту көргөн эмес эле. Куш эмнегедир моюнун созуп, тумшугун асманга каратып силкип, анан тарак-тарак деген үн угулуп жатты.

Бала дагы токтоп калды.

- Ал эмне өзү, апа?

Баланын көздөрүндө кубаныч бар эле.Таң калуу бар эле. Апасы шашып жаткан болчу. Иши чачтан көп. Али шаарга кайтуу керек.

- Илек-илек дедим го, тентек десе, - деп акырын эңкейип уулунун бетинен өптү. Сага салам берип жатпайбы?

Эне жаш эле. Эне жубан эле.

Арадан отуз беш жыл өттү. Бала жигит болду. Эне картайды. Бутунан кубат, көзүнөн нур кетти.

Күндөрдүн биринде эне-бала биргелешип дагы баягы айылга жөнөп калышты. Жигит боюн тик кармап тез-тез басып, эне болсо чарчаган буттарын араң сүйрөп, басып баратты. Айыл четиндеги жарымын чагылган уруп кеткен чынар дагы эле ордунда экен. Чынардын тарбайып өскөн бутагында сурпадай чоң уя карарып көрүнүп, уяда болсо буту, тумшугу узун илек-илек турган эле.

Жигит илек-илекке бир карап койду да, кадамын тездетти. Артта келе жаткан эне нуру өчкөн көздөрүн чынарга, чынар бутагында карарып турган уяга кадады. Бутакта асылып турган нерсе көзүнө кызыктай туюлду.

- Тээ тиги эмне, уулум? - деди токтоп.

- Илек-илек, апа, илек-илек!

Эне жакшы уккан жок. Үч-төрт кадам басып, дагы токтоду. Себеттей нерсенин ичинде бир нерсе агарып көрүнүп турду. Кызык...

- Ал эмне, уулум? - деди көздөрүн ирмегилеп.

Уул тык токтоду. Ачуусу келе түштү.

- Илек-илек! - деди жилкий сүйлөп. Илек-илек деп жатам го, дүлөйсүзбү?

Ушундай деди да, ачуусу менен тез-тез басып кетти. Эх...

Жигит жаш, жигит кырчын куракта. Анын жумушу көп. Шаарга кайтуу керек али. Анын жаш, чиедей балдары бар.

Кыргызчалаган Каттабек ШАМШИЕВ.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости