www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустан бир күндө беш киши ажал тапты

Өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын ичинен беш бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Кечээ каза болгондор:

  • Ош шаары – 1 адам;
  • Ош облусу – 3 адам;
  • Талас облусу – 1 адам.

Бүгүнкү маалыматта республика боюнча 298 кишиден COVID чыкканы айтылды.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун саны 1090ду чапчыды.

Саламаттык сактоо министрлиги, дарыгерлер элди коронавирустан сактануу үчүн тиешелүү эрежелерди сактоо зарылдыгын улам айтып эскертүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости