www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын учурдагы президент Эмомали Рахмон шайлоочулардын добушунун 90,92 пайызына ээ болуп президенттик шайлоонун жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына таянып жазды.
Белгилей кетсек, президенттик такты үчүн беш талапкер ат салышкан. Көз карандысыз профсоюздар федерациясы, Жаштар биримдиги жана Элдик-демократиялык партиясынын атынан учурдагы президент Эмомали Рахмон, Агрардык партиянын атынан Рустам Латифзода, Социалдык партиянын атынан Абдухалим Гаффорзода, Экономикалык реформалар партиясынын атынан Рустам Рахматзода жана Коммунисттик партиянын талапкери Миродж Абдуллоев катышты.
Өлкө мыйзамына ылайык, Тажикстанда президент 7 жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоодо добуштардын 50 пайызынан ашыгын алган талапкер жеңүүчү болуп саналат.
Булак: NazarNews.kg