www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-мартта Иранда коронавирустан өлгөн 149 бейтаптын өлүмү катталды. Ошону менен бул илдет өлкөдө 1 миң 433 кишинин өмүрүн алып кетти.

Акыркы мааламаттарга таянсак,  өлкөдө короновирусту жуктургандардын саны 1237ге жетип, жалпы саны - 19644 болду. Ал эми оорудан айыккандардын жалпы саны - 6745. 

Ислам жумурияты инфекция жуккандардын саны боюнча Кытай жана Италиядан кийинки үчүнчү орунда турат.

Иранда ондогон доктурлар, медайымдар COVID-19 вирусу менен алпурушуп атып көз жумушту. 

Вирустан коргонуу үчүн медайымдарга каражат жетишпей баштыкчалар менен буттарын ороп алышкан. Баардык ооруканалар толуп, керектүү жабдыктар да жок калган.

Иран өлкөсүндө карыларга караганда жаш медайымдар көз жумганы маалым болду.

Доктурлар канчалык оор күнгө кабылышса да, бейтаптардын көңүлүн чөктүрбөгөнгө аракет кылууда.

 

 

Эске сала кетсек, Иранга коронавирус 19-февраль күнү жеткен. 

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министри: "Коомго вирустун жайылып жатканына адамдардын коомдук жерлерге барып, дарыгерлердин сунуштарын четке кагып жатканы себеп болууда. Мындан улам бир саат убагында элүүгө жакын ирандыктар коронавирус жуктуруп, 10 мүнөт сайын бирден адам каза болуп жатат", - деген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости