www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто бак-дарактар азайып жатат. Бул тууралуу NazarNews маалымат агентигине жеринен Кадырбек Эшмурзаев билдирди.
“Ошто бактар азайып баратат. Бак-дарактардын дем алуу органдарына канчалык пайдалуу экенин айтпаса да белгилүү. Бак-дарактар шаардын өпкөсү, көркү деп айтылганы менен, жыл өткөн сайын Ош шаарында жашыл аймактар азайып баратат. Азыр Ош шаарында атайын сейил бак куруу үчүн жер бөлүү маселеси кыйынга турат. Ошондуктан бар бактарды сактап калуу зарыл. Тилекке каршы, шаарда бактар чекеден талкаланып келе жатканы жан кейитерлик. Тактап айканда, Түштүк-Чыгыш тараптагы Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги биосфералык бактын он гектарга жакын багы талкаланып медициналык институт курулду. Беш гектар "Ботаникалык бакты" кыйып ордуна футболдук академия салынды. Ушул курулуштарды шаардын чет жакасына, жаңы конуштарга курсак болбойбу эле, ошондо жаңы конуштардын да инфракструктурасы жакшырмак. Экинчи жагынан автотыгын азаймак. Азыркы учурда футболдук академия менен Навои эс алуу бактын аралыгындагы жашыл аймактагы дарактарды 5 жылдан бери атайын суугарбай кууратып жатат. Навои бак да жарым-жартылай кыйылган абалда. Чындап шаарга күйүп-бышкан кожоюн болсо ушул жашыл аймактарды сактап калат деп ойлойбуз. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү Курманжан-Датка менен Гапар Айтиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Пионер сейил багы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери кароосуз жатат. Эми ушул жери даяр сейил бакты сактап калуу аракети көрүлбөй жатканы өкүнүчтүү. Пионер сейил багында көптөгөн дарактар кыйылып, калган дарактар барган сайын картайып баратат. Бир бөлүгүн кафе-дүкөндөр ээлеп, бир бөлүгү автостоянкага айланып, Акаев заманын элестетип турат. Акаев заманы дегенимдин себеби, ошол кезде жашыл аймактар гана эмес, коомдун бардык тармагында башаламандык-мыйзамсыздык өкүм сүргөн. Андан бери эки революция болду. Революциянын шарты боюнча башаламандык замандагы мыйзамсыз иштерди акыйкат иликтеп жай-жайына коюу керек эле. Бирок, андай болбой кайра эле ошол башаламандык заман өкүм сүрүп жаткандай... 2005-жылдагы март ыңкылабынан бери сейил бакка качан дарак көчөттөрүн отургузуп, оңдоп-түзөйт экен деп - ошол жердин жашоочулары үмүттөнгөнү үмүттөнгөн...”,-деп редакцияга кадырбек Эшмурзаев билдирди.
Булак: NazarNews.kg