www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта 1 630, Ноокатта 700 киши изоляцияга алынды

Коронавируска чалдыккан кыргызстандыктар өздөрүн жакшы сезип жатышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков бүгүн, 21-мартта билдирди. Анын айтымында алардын бирөөсүн эсепке албаганда, башкаларынын абалы канааттандыраарлык.

“Бирок бул коронавируска байланыштуу эмес. 74 жаштагы кишиде сахар диабети бар болгондуктан абалы оор. Бирок башка бейтаптар өздөрүн жакшы сезип жатышат. Дене таптары көтөрүлгөн жана жөтөлүшкөн жок”,-деп билдирген чиновник. Төлө Исаков бейтаптар менен байланышкан Сузактагы 1 630, Ноокаттагы 700 киши изоляцияга алынганын кошумчалады.

“Алардын баары изоляцияда, абалы канааттандыраарлык. Азыр алар дарыгерлердин көзөмөлүндө, дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок. Кырдаал туруктуу”,-деп айтты.

Эске сала кетсек, Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаковдун маалыматы боюнча, 2020-жылдын 21-мартындагы эрте мененки саат 9-00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды. Ооругандардын жалпы саны – 12 адам.
Жаӊы очоктор Баткен (1) жана Сузак (5) райондорунда аныкталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости