www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда күнүнө 100-200 тест-системдер колдонулуп жатат. Буга чейин 20-30-50 гана тест систем колдонулуп келген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда тест система жетиштүү.
“Бизде 6500 тест-систем бар. Дагы 20 миң тест системди биздин колегалар, Россия алып кетсеңер болот деп жатат”,-деди министрдин оорун басары.
Ошондой эле, тест-систем барына эле колдонула берберин билдирди. Коронавирустун белгилери чыкканда гана аны аныктоо үчүн колдонуларын кошумчалады.
Кыргызстанда коронавирус биринчи жолу 18-мартта катталган. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталган. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, алардын тесттеринин жыйынтыгы ошол эле түнү Бишкектен чыккан. Вирусту жуктуруп алгандар Араб Эмиратынан 12-мартта келишкен.
Эске сала кетсек, кечээ, 20-мартта коронавирус дагы үч адамдан аныкталганын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйынында билдирген. Алар Ноокат районунун тургундары. Умра сапарына барып келген бул тургундар изоляцияга алынган.
Булак: NazarNews.kg