www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Буксар шаарында Ганг дарыясынан коронавирустан көз жумган 30дай адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу The Times of India басылмасына таянып, РИА Новости кабарлады.

Билдирмеге ылайык, аталган аймактын администрациясы кишилердин сөөктөрү коңшу штаттан агып келиши ыктымал деп божомолдогон. Бирок жергиликтүү тургундар журналисттерге дарыянын жээгинде жашагандар кремация акысы жана өрттөө кымбат болгондуктан өлгөндөрдү сууга ыргытып жатканын билдиришкен.

Күбөлөрдүн айтымында, сууга ыргытылган адамдын сөөктөрү 100дөн көп болушу мүмкүн. Аталган окуя элди дүрбөлөңгө салып, жергиликтүү тургундар вирустун тарап кетүүсүнөн кооптонууда.

Бийлик сууну тазалай баштаганын билдирген. Таанылбаган сөөктөр ырым-жырымы менен кремацияланып, чыгымын штаттын өкмөтү өзүнө алган.

Белгилей кетсек, Индия коронавирус жуктургандар боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Оору илештиргендердин саны бул мамлекетте 22, 2 миллиондон ашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости