www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүйдүн Беловодское айылындагы психоневрологиялык интернатта каза болгон өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу эки санитарка иштен айдалды. Дарыгер менен медайымга катуу сөгүш жарыяланды.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигин өкүлү Актан Балбаков “Азаттыкка” билдирди.
“Бул окуя 25-апрелде түндө болгон. Жагдайды билүү үчүн министрликтен атайын топ түзүлүп 26-апрелде жерине барып көрүп келгенбиз. Баштапкы маалыматтарга ылайык, бир палатада жаткан 13, 15 жана 18 жаштагы балдар урушуп кетишкен. Экөөлөп 15 жаштагы баланы сабап коюшкан окшойт. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Алгачкы маалыматтар боюнча каза болгон баланын башына катуу сокку тийгени аныкталды. Ошол күнү нөөмөттө турган эки санитарка иштен кетти. Окуя тууралуу толук маалымат тергөөнүн жүрүшүндө билинет. Интернаттын директорунун жоопкерчилиги да каралышы мүмкүн”, - деди Балбаков.
Өспүрүмдүн сөөгү туугандарына берилген. Окуяны Чүй облусунун Москва райондук ички иштер бөлүмү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.
Булак: NazarNews.kg