www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын президенти Армен Саркисян мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону 20-июнга белгилөө боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Sputnik Армения агенттиги жазды.
«Шайлоо 20-июнга белгиленип, жарлык расмий түрдө жарыяланган күндүн эртеси күчүнө кирсин», - деп жазылат документте.
Парламенттин таратылышына анын эки ирет чогулуп, бирок өкмөт башчыга эч кимди тандай албай коюшу себеп болду. Армениянын Баш мыйзамынын 92 жана 93-беренелерине ылайык, мындай учурда парламент өзү ишин токтотууга милдеттүү.
Эске салсак, өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян апрель айында отставкага кеткен. Бирок ал кезексиз парламенттик шайлоо өткөнгө чейин министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткара берери айтылган.
Арменияда ички саясий кризис Карабах окуясынан кийин күч алган. Оппозициялык күчтөр Пашиняндын бийликтен кетишин талап кылган. Жыйынтыгында ал мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө макул болгон.
Булак: NazarNews.kg