www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-майдагы жыйында Армения парламентинин депутаттары экинчи жолу премьер-министрдин кызмат ордуна жалгыз талапкер Никол Пашинянды шайлаган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, республиканын конституциясына ылайык, эгер парламент премьер-министрди эки жолу катары менен шайлабаса, анда ал таркатылышы керек. Биринчи добуш берүү 3-майда өткөн, анда да Пашинян премьер-министрлик кызматка шайлануу үчүн жетиштүү добуш топтой алган эмес.

Буга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 20-июнда өтөт. "Менин кадамым" фракциясынын башчысы Лилит Макунц 10-майда улуттук ассамблеянын отурумунда Пашиняндын талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялаган. 25-апрелде Пашинян мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн Армениянын премьер-министри кызматынан кеткен. Андан кийин өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости