www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын экинчи партиясы алып келинди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, өлкөгө 20 миң доза жеткирилди. Препарат экинчи компонент болуп эсептелгендиктен биринчи дозаны алгандар үчүн сайылат. Апрелде биринчи партиясы келген.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин 20 миң доза 10 миң адамга жете турганын билдирген.

Белгилей кетсек, "Спутник V" чектелүү гана көлөмдө келип жаткандыктан жаш курагы 65тен өткөндөргө гана колдонулууда. Башка вакцина алам деген Кыргызстан жарандары кытайлык Sinopharm препаратын ала алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости