www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уландысы

2005-жылкы март революциясын америкалыктар колдоп, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдер жасаптыр.

Март революциясы 2002-жылдын жай айында эле Аксылыктар «Акаев кетсин» деген талап менен «Акаевке отставка, эл үчүн реформа» кыймылы түзүлүп нечендеген курултайлар болгонун Акаевди кетирүү чечимдери кабыл алынып, Аксы-Ош, Аксы-Бишкек улуу жүрүштөрү болгонун унутуп койгонуна жол болсун. (Караныз, А. Бекназаров. Аксы ыйы-Улут кайгысы, 2010- ж,)

Анда Бакиев анын колтугунда, ал эми Отунбаева анын элчиси болуп Англияда жүргөн. Отунбаева март революциялык кыймылына, эл Жалал-Абадды алган 2005-жылдын 4-мартында кошулса, Атамбаев болсо 24-мартта эл Ак-үйгө кирип, бийликтегилер качып кеткенден кийин аянтка келгенин тарых үчүн айта кетейин, жөн жерден күнөөсүз адамдарды Рамазан айында күнөлөө да күнөө болот.

Эми 15 жылдан кийин «2005-ж. март революциясын америкалыктар жасаган» - дегени Акаевди кокус Кыргызстандын жаңы бийлиги сураса, Путин аны Кыргызстанга кайтарып бериши мүмкүн деген алдын алган чолок акылы го?! 2005-жылдын март революциясынын келип чыгышы ар тараптуу иликтөөгө алынган, жыйынтыктары чыгарылган. Кызыккандар окуп койсо болот.

Коррупция боюнча ушунчалык «бечара, таптаза» экенин айтып «Бакиевдин түзгөн комиссиясы... Д. Усенов менен А. Бекназаров эки жыл издеп эч нерсе тапкан жок...

Бекназаров өзү айтты, Акаевдин эч нерсеси жок экен, Бакиевдер өздөрү коррупцияланды деп, ошону айтам деп кызматынан кетти...» - дейт.

Акаев соттолбой жүргөнү үчүн, Бакиев менен Атамбаевге, айрыкча Бакиевге өмүр бою сыйынып жүрүш керек. Анткени, Бакиев мени Башкы прокурорлуктан 6 айга жеткирбей 2005-жылдын 19-сентябрында кызматтан албаганда, Акаев жок эле дегенде 5 коррупциялык кылмыш иш менен сөзсүз соттолмок. 2010-жылы апрель революциясынан кийин Акаевдин жасаган кылмыштары кайра каралып, анын кол тийбестиги Убактылуу Өкмөттүн атайын Декрети менен алынса да, Акаевдин эски иштери калыбына келтирилип, Акаевди Кыргызстанга алып келүү иши президенттер: Отунбаева, Атамбаев жана Жээнбеков тарабынан жүргүзүлгөн жок.

Акаев туура белгилегендей, Д. Усенов менен Максим Бакиев, Акаевдин жана анын жакындарынын мүлктөрүн мамлекетке эмес, өздөрүнө рейдерлик кылышып тартып алуу максатында, ага жол бербей жаткан Бекназаровду кызматтан кетиришип, андан соң, Адил Тойгонбаев (Акаевдин күйөө баласы, кызы Берметтин жубайы) Айдар Акаев менен жашыруун «келишимдерге» барышып, ошол «сделканын» негизинде алардан алышкан объект-мүлктөр үчүн, алардын ондогон кылмыш иштерин жаап коюшкан.

Мен Акаев айткандай «эки жыл Акаевдин коррупциясын же үй-мүлкүн издеген» жокмун, 6 айга жакын гана иш жүргүздүм. Акаев айткандай «эч нерсе таппай койгон» жокмун, 6 айга жакын мезгилде Акаевке жана анын жакындарына козголгон кылмыш иштердин алкагында алынган же камакка алынган үй-мүлкү, обьектилери, акча каражаттары боюнча да расмий маалыматтарды замандаштардын өзүнө сунуштаймын.

Окурмандар билсин бечара Акаевдин анын жакындарынын канча кылмыш иши, канча «оокаты» болгонун! Керек болсо азыркы жаштар салыштырып да көрсүн, азыркы бийликтин коррупция менен күрөшкөн алты айлык иши менен, 2005-жылы 24-март 19-сентябрь аралыгында биз жүргүзгөн иштердин жыйынтыктарын.

Журналистин «сиздин экс-президент деген статусуңуздун сакталышына Текебаев кепилдик берген да...» - деген суроосуна «ооба ал Жогорку Кеңештин төрагасы катары гарант болгон» - деп жооп берди. Кайсы мыйзамда спикер ошондой гарант болот деп жазылыптыр? Мүмкүн Акаев өзү, Өкмөт башчы Танаев качып кеткенден кийин, Жогорку Кеңештин төрагасы катары Текебаев, м.а. президент катары гарант деп жатса керек. Бирок Акаев бир ачуу тарыхый чындыкты тааныш керек.

Ал чындык, 2005-жыл 24-мартта качып кеткен президент Акаевдин милдетин, Өкмөт башчы Танаев да качып кеткенине байланыштуу, ошол кездеги Конституцияга ылайык Мыйзам Чыгаруу Жыйынынын төрагасы И. Кадырбеков м.а президент болуп аткарганын, анын сунушу менен Бакиев Танаевдин ордуна эки палатадан тең Өкмөт башчы болуп шайланганын жана автоматтуу түрдө м.а президент болгонун билип жүрсө жакшы болмок. Акаев өз арызын 2005-жылдын 4-апрелинде гана жаңы шайланган 3-чакырылыштагы ЖК иштей баштаганда анын спикери Текебаевке жазып берген, ал убакта анын арызынын эч кимге кереги да болбогон.

2005-жылдын 24-мартынан кийин, Кулов менен Текебаевди, өзүнүн үй-бүлөлүк Алга Кыргызстан жана Адилет партияларынан депутат болушкан айрым депутаттарды жаны революциялык бийликке каршы Акаев пайдалангысы келген. Алар башында Акаевке ишенишип катуу каршылыкты башташкан. Жаңы Жогорку Кеңешке спикер катары Текебаевди да ошондо шайлап жиберишкен.

Бирок Акаевчи депутаттар биринен сала бири Бакиев тарапка өтүп жатканын билип, Кулов Бакиев менен тандемге барууга мажбур болгон. Муну Акаев айткан жок, эгер унутуп койсо, качып кеткен жеринен Москвада жатып да жаңы бийликке каршылык көрсөткөнүн, аны ошондо түрмөдөн элдик революциянын шарапаты менен чыккан Кулов боюнча 2005-жылдын 3-апрелинде чыгарган Указы менен да далилдеймин. Аны окурмандар үчүн да тиркеймин. (А. Бекназаров. Мен Кыргызмын. 3-китеп. 1- том.357- б.) Ушул Указдын өзү да Акаевдин бир кылмышы, президенттин түрмөдө жаткан адамды чыгарууга, соттуулугун алууга укугу жок. Ал ушунусу менен Кыргызстанда бийлик талашуу болуп, башаламандыкты көздөгөнүн тастыктайт. Эгерде Кулов шыкакчылардын тилине кирип, бийлик талашууну улантканда ким билет эле ошондо эмне болорун.

Баса, Акаевдин кол тийбестигин Текебаев же М. Султанов башында турган Жогорку Кеңеш алган эмес, аны Убактылуу Өкмөт 2010-жылы 12-августагы 120-Декрети менен алган. Ага 14 Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнөн кимдер кол койгонун, кимдер кол койбой койгонун Акаев жана окурмандар билсин үчүн да аны тиркеймин. (А. Бекназаров. Мен Кыргызмын 3- китеп 2- том.404-409- б. б.).

Урматтуу Президент!

Урматуу башкы прокурор!

Азыр Кыргызстандын эли жаңыланууну, тазаланууну (люстрацияны) сиздерден талап кылууда. Экс-президенттердин ар биринин аракеттерине укуктук баа берилүүсү да айтылып жатат. Акаев «Кыргызстанда бийлик алмаштыруу вируска айланганын» да айтты. Анын оюнча «көчө таптап жүргөн миң кишини топтоп, бийликти алмаштырып» жатыптырбыз?! Ага ал күнөөнү 2005-жылкы элдик революцияга шылтап, ошондон башталган дегендей оюн билдирди. Мен аны менен макул эмесмин.

Бийлик алмашуунун негизги вирусу мыйзамсыз мамлекеттик бийликти узурпациялап, үй-бүлөлүк башкарууну, үй-бүлөлүк партияларды жараткан, элди ойлобогон, элдин байлыгын каалагандай калчаган, бүлүндүргөн, батыштан демократия эмес, коррупцияны Кыргызстанга алып келген, Кыргызстандын бүтүндүгүн бузган Акаевдин өзүндө болгон деп ойлойм.

Акаев өзү кеткени менен анын вирустары Ак-үйдө калып, улам кийинки президенттер Акаевдин ооруусу менен ооруп келе жатышат. «Көчө таптаган миң киши» эмес, кыргыз эли мамлекетибиздин ордосун Акаевден калган вирустардан тазалоо үчүн үч жолу Ак-үйгө кирүүгө мажбур болду... Акаевшина менен ооруган президенттерди Ак-Үйдөн тазалоо, Акаевшина вирусуна каршы туруу, элдин атуулдук парзы, себеби бийликтин бирден-бир булагы жана эгемендиктин ээси Кыргызстандын эли болуп эсептелет. Бул биринчиден.

Экинчиден элдин кайра-кайра бийлик алмаштыруусуна, качкын, чыккынчы президенттердин өз жазаларын мыйзам чегинде албаганы, (безнаказанность), Кыргызстанга алынып келбей жатканы, карга-карганын көзүн чукубайт болгону, ошонун кесепетинен улам кийинки президент мурдагынын жолуна түшүп жоопкерчиликти сезбей жатканында деп эсептейм! Быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык маарекесин белгилегени турабыз!

Урматтуу президент, ошол даталуу күнгө карата Кыргызстандын 30 жылдык саясий тарыхын жаңыча анализдеп, кимдин ким экенин, арам менен адалды ажыраткан, жок дегенде үч критерия менен: Биринчиси Кыргызстандын жерин «саткандар».

Экинчиси Кыргызстандын элин аткандар, Үчүнчүсү Кыргызстандын кең-байлыктарын «саткандар» колхоз-совхоз, завод-фабрикаларын жок кылгандар боюнча кенен люстрация жүргүзүүнү сунуш кылам. Анткени, Кыргызстанды оор туңгуюкка салган адамдар жазасын албаган бойдон жүрөт, ал эми алар салган оор акыбал жоюлбай, тескерисинче улам терендеп баратат. Кыргызстандын ушундай оор абалга дуушар болушуна түз же кыйыр салым кошушкан же убагында ага каршы турушкан, же түздөн-түз күбө болушкан төмөндөгү тарыхый адамдардан көзү өтө элегинде тарыхый ачуу чындыкты тактоо үчүн тарыхый түшүндүрмө, көрсөтмө алууну өтүнөм.

Алар: А. Акаев, А. Жумагулов, М. Шеримкулов, Ч. Баекова, Б. Ааматов, А. Шаршеналиев, А. Матубраимов, А. Эркебаев, Ф. Кулов, Т. Чынгышев, Т. Тургуналиев, Ж.Сооданбеков, Ж. Акималиев,  Ж. Жекшеев, А.Муралиев, И.Исаков, А. Бекназаров, Ш. И. Кадырбеков, О. Дуйшеев, Ш.Мамбетов, Р. Дырылдаев, Ю. Тойчубеков, Н. Танаев, К. Бакиев, И. Чудинов, Д. Усенов, А. Мадумаров, У. Сыдыков, И. Омуркулов, Р.Отунбаева, А. Атамбаев, С.Жээнбеков... ж.б. аты аталбаган ондогон инсандар бар. Алардын берген маалыматтары тарыхтын туура жазылышына жана люстрация жүргүзгөнгө түздөн-түз далил болот деп эсептейм!

Урматтуу Башкы прокурор, сизге ошол 30 жылдык маарекеге чейин 2005-жылдын март революциясынан кийин козголуп, кийин өндүрүштөн токтотулган жана 2010-жылдын 7-апрелинде өрттөлгөн тунгуч президент А. Акаевке тиешеси бар:

1. Кумтөр алтын кенине байланыштуу,

2. «Инструментальщик» стадиону боюнча,

3. 2 тоннага жакын алтынды Кыргызстандан Цюрих шаарына чыгарылып кеткен факты боюнча,

4. Айыл чарбасына берилген кредиттер боюнча,

5. Акаевдин мейманканасы (азыр Башкы прокуратура олтурган жай) жана китепканасы (азыр Манас академиясы олтурат) үчүн кетирилген бюджеттик акчалар боюнча,

6. «Прихватизация» боюнча,

7. Акаевдин 500 доллар бюджеттик акчаны мыйзамсыз, Ашыркуловдон, (Администрация башчысы) Сарбановдон (каржы министри) алганы ж.б. фактылар боюнча козголгон кылмыш иштерди калыбына келтирип, тергөө иштерин жандандырууну жана ушул иштер боюнча азыр Россияда качып жүрүшкөн А. Акаев менен Н. Танаевди Кыргызстанга алып келүүнү сураймын.

Ошону менен бирге Акаевдин 1991-1994- ж.ж. Россияда турган Кыргызстандын 14 тонна алтынын алынып келүүсүнө каршы болгон фактыга (Жогорку Кеңештин архивинде жана стенограммасында толук материалдар бар), 2005-жылы 3-апрелде Москвада качып жүргөн жерден Ф. Куловду түрмөдөн чыгарган жана соттуулугун алган Жарлыгы боюнча, жана 2010- жылдын 12-августундагы Убактылуу Өкмөттүн N120-Акаевдин кол тийбестик укугунан ажыратуу жөнүндөгү Декретинде көрсөтүлгөн айрым фактылар боюнча да укуктук баа берүүнү өтүнөмүн. Керектүү кошумча факты, далилдерди калыбына келтирүүгө, тергөөгө жардам бергенге ар дайым даярмын.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекнзаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости