www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыл сайын үй-бүлөдөгү зомбулуктан 60тан ашык аялдын өмүрү кыйылат. Бул тууралуу "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова билдирди.
--"Күн сайын "атка сүйрөтүп өлтүргөн, өрттөп жиберген, мойнуна дөңгөлөк асып урган, чилдеде балдары менен кууп чыккан" деген маалыматтар айтылып келет. Жакында эле Панфилов районундагы айылдардын биринде күйөөсү жерге тирүүлөй көмүп салган аялдын окуясы төбө чачты тик тургузду. Ал аял азыр ооруканада, ага медициналык эле эмес, укуктук, психологиялык да жардам керек болуп жатат. Ушундай абалга кайдыгер болуп көнүп алсак генофонддун, деги эле келечектин кандай болоорун элестетип көргүлө.
Жылына биздин кризисттик борборго 1500төн ашуун кайрылуулар болот. Жабыркаган аялдарга, балдарга колубуздан келишинче жардам көрсөтөбүз. Азыркы экономикалык - социалдык кыйын шартта, ага пандемия кошулуп ар бир үчүнчү үй бүлөдө аялдар менен балдар жабыркап жатат десе болот. Жабыркагандын баарына ойдогудай жардам берүугө чектелген мүмкүнчүлүгүбүз жол бербейт.
"Эрди катын урушат, эси кеткен болушат" деп кайдыгер мамиле кылгандыктын айынан далай өмүрлөр кыйылып, нечен кыз-келиндер ден-соолугунан ажырап калып жатышат. Статистика көрсөткөндөй жыл сайын үй-бүлөдөгү зомбулуктан 60тан ашык аялдын өмүрү кыйылат", - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg