www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
COVID-19 инфекциясы тууралуу маанилүү ачылыш жасайын деп жаткан окумуштуу Бинг Люну АКШда өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу NBC телеканалы билдирди.
Маалыматка ылайык, 37 жаштагы Лю Питтсбургск университетинин медицина мектебинин кызматкери болгон. Ишемби күнү сөөгү Пенсильвания штатындагы Росс Тауншип калктуу аймагындагы үйдө табылган.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин Люнун сөөгү табылган жеринен алыс эмес жерден 46 жаштагы Хао Гунун сөөгү унаадан табылган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, маркумдар бири-бирин таанышкан. Гу Люну атып салып, андан кийин өзүн өзү өлтүрүп салган.
“Бинг COVID-19 коронавирустук инфекциясынын негизиндеги клеткалык механизмдерди жана SARS-CoV-2 коронавирусунун келип чыгуучу ооруларынын клеткалык негизин түшүнүү үчүн абдан маанилүү ачылыштардын алдында турган",-деп Питтсбург университетинин Медицина мектеби, алардын бардыгын колдонууга жана окумуштуунун изилдөөсүн аягына чыгаруу аракеттерин кылаарын ишендирди.
Булак: NazarNews.kg