www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 7-майга карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 137  жаран жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 7 унаа киргизилди. Алардын ичинен: Бишкек шаары– 119, Ош шаары -4, Жалал-Абад шаары-4, Ат-Башы району-10. Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4696 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды, анын  4167 эркектер, 529 аял киши.

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди, алардан 3541 жаран
эскертилип, 1155 жаранга бузуулар тууралуу протокол түзүлүп айып салынды. Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 363  автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.

ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости