www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түп райондук соту тарабынан баңгизат сактоо боюнча айыпталган 71 жашар пенсионерге карата козголгон жорук иши каралды. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти. 

Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 20-декабрында шектүүнүн гаражына тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада баңгизатка мүнөздүү болгон жыты бар кара-күрөң түстөгү зат табылган.

Соттук экспертизанын жыйынтыгына ылайык, ал зат кара куурай чайыры (гашиш) экени, салмагы 0,242 граммды түзөөрү маалым болгон.
Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, жапайы кара куурайды дары даярдоо, башкача айтканда, аны спирт менен аралаштырып, тизесине, сүйкөөгө колдоноорун айткан. Ал өзүн толук күнөөлүү деп эсептей турганын жана кылган ишине өкүнөөрүн белгилеген.

Түп райондук сотунун 2020-жылдын  22-апрелиндеги  өкүмү менен Ч.А. Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 123-беренесинде (Сатуу максатысыз анча көп эмес өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн жорукту жасоодо күнөөлүү деп табылып, 30 000 (отуз миң) сом  өлчөмүндөгү II категориядагы айып пул салынып, 3 (үч) айга эркиндиги чектелген",-деп айтылат маалыматта. 

Пробациялык көзөмөлдү жүргүзүү Түп райондук пробация органына жүктөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости