www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө “Лонг Хай” деген компания жол салып жатат. Ал жакта иштеген 600 киши 6 айдан бери айлыгын ала албай жатат. Бул тууралуу кечээ, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев билдирип, өкмөттү жардам берүүгө чакырды.

“Ысык-Көлдө “Лонг Хай” деген компания жол салып жатат. Аны билесиңер. 6 айдан бери 600 киши айлыгын ала албай жатат. Ал эми мен транспорт министрине суроо берсем ал “Лонг Хай” компаниясына макулдашуу боюна акчаны которуп койгонбуз деп жатат. Аларда жоопкерчилик болуш керекта. Мамлекеттен акчаны которуп берип жатсаңар, анда иштетип жаткан кыргыздын жарандарын кыйнабай жардам берип койгулада. Карантинде бир айлык эмгек акысын албагандар ачка болдук деп жатышат. Ал эми 6 айдан бери ала электер кантип жашап жатышат. Кыйналып жаткандар биздин жарандар, ошондуктан жардам берип койгула”,- деди Рыспаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости