www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда төрөлгөн жаран Россияда адам өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 30-апрель күнү шектүү өзүн-өзү коргоо изоляция эрежелерин бузуп, көчөдөн полиция кызматкерине күч колдонгон. Тактап айтканда, башына кийип турган фуражкасын кулата чаап, андан ары качып жөнөгөн. Ал ошол убакта мас абалда болгон. Полиция кызматкерлери аны кармап, териштирүү иштеринде ал жаран башка дагы кылмышка шектүү экенин аныкташкан.

"Шектүү полиция кызматкерине кол көтөрүп кармалганга чейин, батирде жакын таанышы менен пикир келишпестик болгон. Ал таанышына бир нече жолу бычак сайып, денесине жаракат келтирген. Жабырлануучу андан качып, "Тез жардам" кызматын чакырганга жетишкен. Учурда жаран адам өлтүрүүгө аракет кылганы боюнча кармалды", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости