www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус инфекциясын массалык үй-бүлөлүк же салттуу иш-чаралар учурунда жуктургандар көбөйүп, Бишкекте эпидемиологиялык статистика жакшырган жок. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын жыйынында маалымдалды.
"Ар кыл үй-бүлөлүк, салттуу иш-чараларга катышкан соң жарандар өздөрү келип кайрылган учурлар көбөйдү. Өткөрүүгө тыюу салууларга, сунуштарга карабастан, жарандар кайдыгер мамиле жасап жана көп санда чогулууну улантышууда. Жыйынтыгында тойлордун, тажиялардын жүрүшүндө илдетке кабылышууда", — дешти Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү.
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов кошумчалагандай, жергиликтүү бийлик органдары тиешелүү иштерди жүргүзүп, бул маселени көзөмөлгө алуусу керек.
"Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал тынчсыздандырат, статистика азайган жок. Санитардык эрежелер жакшы сакталбай жатат. Мунун баары кошумча коопсуздук чараларын киргизүү же аларды күчөтүү маселесин кароого алып келет. Жарандар өздөрү кайрылган учурлардын бардыгы эпидемиологиялык топтордун ишинин жетишсиздигин жана алардын кемчиликтерин күбөлөндүрүп турат", — деди Боронов.
Ал кошумчалагандай, үй карантининдеги адамдарга күчөтүлгөн көзөмөлдү улантуу керек.
Ошондой эле, жыйында Республикалык штаб "Торугарт" өткөрмө пунктунун ишин жандандыруу маселесин талкуулады. Тармактык мамлекеттик органдарга текшерүү алгоритмин иштеп чыгуу жана башка маселелер боюнча бир топ тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 2007ге жетти. Алардын ичинен айыгып чыккандары да бар.
Булак: NazarNews.kg