www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, экономиканын жетелөөчү дөңгөлөктөрү толук кубаттуулук менен иштей  баштаганын айтты.

Мамлекет башчысы, Президенттик комплекстен Артвиндин «Юсуфели» суу сактагычынын 3-миллионунчу бетон төгүү аземине, Байбурттун Демирөзү сугат системасы, Ризенин Меркез жана Гүнейсу райондору менен Ташлыдере өрөөнүн калыбына келтирүү боюнча 5-бөлүмүнүн тапшыруу аземине түз эфирде катышкан.

Эрдогандын айтымында, «Юсуфели» суу сактагычы толугу менен түрк инженерлеринин чыгармасы болгонун баса  белгилеген. 

«Бул чыгарма экономикабызга жылда 1 миллиард 500 миллион лиралык салым кошот», - деген өлкө башчы.

Ошондой эле президент, Түркиянын өнөр жайы, технологиясы, айыл чарбасы, соодасы, тейлөө тармагынын инфраструктарлары негизинен гуманитардык позициясы менен чоң мамлекет экендигин жана пандемия процессинде бүткүл дүйнөгө көрсөткөнүн, көрсөтүүсүн дагы уланта турганын айтып өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости