www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурунда СДПКда Атамбаевди, “Жаңы Кыргызстанда” Акаев менен Усубалиевди түтөтүп, бир эмес эки ирет Каржы министри болгон Акылбек Жапаров “Бир бол” фракциясынан ЖК депутаты. Акылбек Жапаров парламенттин отурумунда майрамды он күн тойлойлу, мисалы эгемендүүлүк күнүн 31-августта баштап, 10- сентябрга чейин тойлосок жыргал эмеспи деп маселени кабыргасынан койду. Анткени кытайлыктар деле он күндөн майрамдайт экен да. “Казды туурайбыз деп, карганын буту сыныптыр” болуп жүрбөйлү, ансыз деле кээ бир парламент депутаттары майрамды он күн эмес, дем алышты жумалап белгилеп, иштебей калышты. Кайсы күнү иштешери белгисиз. Балким алар ресторандарда тамак ичип-жеп жакшы иштээр? Муну билген “Кыргызстан” партиясын мыкчып турган Шаки парламентке депутат болоюн деп бөкчөңдөп чуркап келди. Эгер парламент ар бир майрамды он күндөн белгилеп майрамдап жатып алса алардын акчасын ким төлөйт, Кыргызстанда ким иштейт?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg