www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас шаарындагы “Үчүнчү каналдын” кеңсесин өрттөөдөн келтирилген зыян 300 миң сомду түзөт. Бул тууралуу аталган телеканалынын коммерциялык директору Перизат Мамырова жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.
Анын айтымында, өрт 6-июнда саат 4.00 чамасында чыккан. Эфирдеги көйгөйлөрдү ошол жерге келген кызматкерлер көрүштү.
“Атайын өрттөшкөн. Биздин кеңсебиздин терезесин кыш менен сындырып, бөлмөгө күйгүзө турган затты бөтөлкөсү менен ыргытып жиберишкен. Келтирилген зыянды дагы эле эсептеп жатабыз, бирок алдын-ала маалыматтар боюнча, ал 300 миң сомду түзгөн. Бул суммага өрттүн кесепетинен эрип кеткен компьютерлер жана башка шаймандар кирет. Милиция бардык далилдерди алып кетти ”, - деди Перизат Мамырова.
Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу" беренеси боюнча өрт фактысы катталган. Соттук териштирүү улантылууда.
Булак: NazarNews.kg