www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын бардык аймактары COVID-19 боюнча "кызыл" зонадан чыкты. Бул тууралуу Коронавирустун жайылып кетишин токтотуу боюнча ведомстволор аралык комиссияга шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, "кызыл" зонада акыркы аймак болуп Түндүк Казакстан облусу калган. 6-декабрь күнү ал "сары" зонадагы региондордун катарына кошулду.

Ушул тапта "сары" зонада Нур-Султан шаары, Акмола, Караганда, Павлодар, Костанай жана Түндүк Казакстан облустары бар.

Өткөн суткада коңшу өлкөдө 632 кишинин коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Алардын ичинен 102си Нур-Султан шаарынын тургундары.

Өлкөдө абал жакшырып калганы менен казак бийлиги чектөөлөрдү жое элек. Мисалы, 3-декабрдан тарта Казакстанга кирүү эрежесин катаалдаштырып, коронавирустун "омикрон" штаммы аныкталган өлкөлөр менен аба байланышы токтотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости