www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Аппагым” (дил кайрык)
Андан бери да далай жылдар өтүптүр. Өмүр сересине саресеп салганга да буямалыбыз келбей турмуш көйгөйүндө чарпылып эсте калган көз ирмем жолугушууну Чоро унуткан жок бекен деп калам. Жетимишинчи жылдын эрте жазында өрүк гүлдөгөн маалында, мен аскердик кызматтан кайтып Баткендин Саӊсарай айылында “Отко таазим” (Уркуя) тасмасы тартылып жатканда Мамат деген досум үйлөнүп калып тойго Пайыз акемдин досу белгилүү киноактёр Сүймөнкул Чокморов бир топ артисттер менен тойго чакырылып, ошондо сымбат сыны келишкен, мен курактуу жигит менен күнөөкөрдө жанаша отуруп калып таанышкам. Сүйлөшө келгенибизде кыргыз академиялык драма театрдын алдындагы студияда окуурун бул “Уркуя” тасмасында эпизоддук ролдо ойноорун, жакында “Көчө” тасмасына башкы ролго чакырылганын, “Ак кеме” тасмасына дагы Кулубектин ролуна сунуш түшкөнүн айтып дегдөөмдү арттырып шартылдап баскан мырза жигиттигине арзыткан болчу.
Эх, андан бери далай жылдар өтүп карылыктын босогосун аттаганыбызды байкабай деле калыппыз. Кыргыз киносунун гүлдөгөн учурун алдыӊ кийинге салыштырып болбогон эч нерсеге алмашкыс жылдары экен го деп каласыӊ бул күндөрдүн опур-топур маданиятына ичиӊ чыкпай. Чынында эле XIX кылым орус элинин алтын кылымы болсо XX кылым кыргыз элине аттын кашкасындай не бир таланттарды бериптир. Алардын кол жеткис бийиктигине теӊелип ченелүүнүн өзү ойго келбеген түшүмөл болуп калды. Көрсө көз мончоктой болгон залкарлар үркөрдөй боло жанып бир кылымда бир жаралат тура. Алардын сээлдеп бараткан акыркыларынын өмүрлөрү дайынсыз өтүп, мезгилинде пайдаланылбай бараткандарына ичиӊ тарып өкүнөсүӊ. Башкасын кой Болот Шамшиев, Ганы Базаров, Жамал Сейдакматова, Назира Мамбетовалар ушу азыр да таланттын туу чокусунда мөлтүлдөп бышып турган чактары. Оо, тубаса талант ээси Орозбек Кутманалиев өлөөрүндө “аттиӊ, бош калган 15 жылдык өмүрдө не деген жумуштарды жасаса болот эле болбоду да!..” деп арман кылган экен. Элине арначу өнөрүн мезгилинде бералбай өзү менен кошо кетип жатканына өкүнүп жатпайбы артис. Бирөө күлдүрдү эле “асманда жылдыз калбай бүт эле кыргыздарга кулап түшүп жайнап кетти” дегендей жылдыз деген эле ат болбосо жылдыздын жылдызы түбөлүк баркырап турчусу нукура таланты менен элинин жүрөгүндө жанып турган тээ бийикте. Көрүнгөндү жылдыз дей берип кол жеткистиктин да баркын кетирчү болдук.
Кыргыз киносунун гүлдөгөн учурун алдыӊ кийинге салыштырып болбогон эч нерсеге алмашкыс жылдары экен го деп каласыӊ бул күндөрдүн опур-топур маданиятына ичиӊ чыкпай.
“Каныбек” тасмасындагы Аман Камчыбековдун Каныбеги, “Көчө” тасмасындагы Чоро Думанаевдин Авазы, “Арман” тасмасындагы Жоробек Аралбаевдин Султаны. Чет элдик актёрлор: Ален Делон, Аль Пачино, Тимоти Далтон жана башкалардан кем калышпаган кыргыздын келбеттүү актёрлорунун өнөрүнө арзып мына...мына...улуу муун артисттеринин жарыш таякчасын колдоруна кармашты эми кейишти дегенче болбой эле союз урап, 15 жылдык боштук өнөрлүүнүн өпкөсүн үзүп, таланттууну текедей сүзүп зымдарын чыгарбай тыркыратып салды.
Мен “Көчө” көркөм тасмасындагы баш каарман Аваздын “Аппагым” деген ыры жаӊырганда жап-жаш, сымбат сыны келшкен мырза жигит Чорону эске салам. Ал биздин толуп труган жаштыгыбызды эстеткен ыр деп көзүмө жаш ала отуруп угам. Экөөбүздүн тумандап гүлдөгөн өрүкзар чарбактагы таанышкан кечки тойду эстеймин. Али үйлөнө элек жигит курагыбыз калбадыбы ошол кинодоЮ ошо алыс калган жылдарыбызда. Балким эстерсин, эстей албай кыналарсын. А мен ошол көз ирмемдеги таанышуубуз өмүргө тете ушунчалык эргүү менен каниет ала силер менен замандаш, теӊ кур болгонума сыймыктанам. Ыраматылык Сүймөнкул Чокморовдун 50 жылдык мааракесине катышып калып, кийин “Кыргыз туусу” гезитине “Баткен сизди сагынды” деген макаламды жарыяласам окуп алып көзүнө жаш ала “насип этсе Баткенге дагы барам. Досторумду, баскан-турган жерлеримди сагындым” деп жашыганы күнү бүгүнкүдөй эсимде.
Аттиӊ, бир кем дүйнө, бүгүн барсыӊ эртеӊ жоксуӊ дегенедей не деген улуу таланттар менен кош айтыштык! Мезгилинде барк баасына жеттикпи жокпу аны калыс таразасы кези келгенде салмак ташына салып алып көрөр. А менин эси көөнүм дагы деле кулак түпкүрүндө жаӊырган “Аппагымда” кудум эле мантёр Чоро алдымдан утурлай издеп чыксчудай туюла берет. “Эй-ий аппагым,
Сен менен өттү, жаш чагым”.
Ооба, Чоронун “Аппагым” элдин эсинде, менин көкүрөгүмдө унутулгус калган жаш ачгы. Мурда неге этибар бербедим экем деп өзүмдү өзүм жемелеймин. Же жаш өйдөлөгөндө өткөндү эстеп көргүӊ келип калабы? Кантсе да ошол унутулгус элес жүрөгүмдүн тереӊинде жашачу. Кайсы бир күнү дидарлашчудай жолукчудай жүргөнүм чын. Анан дагы ушу дил кайрыкты жазганга камынып жатып Чоронун дайыны чыкпай анча-мынча өз демилгелүү теле тасмаларында көрүнбөсө союздук учурдагыдай айтылуу тасмалар эми кайда деп калдым. Айтмакчы жаӊылбасам теле берүүдөн аанын жашоо абалынанкабар алган берүүнү да көрүп калдым. Дагы эле бир бөлмөлүү жатакта жашарын көрүп заманам куурулуп кетти. Мезгилинде Чоро деген кандай гана кинолордо ойнободу Светлов киностудиясы тарткан “Ай тутулган түндө” Акжигит “Каныбекте” Карабек, “Шаркырытамада”, “Көчөдө”, “Ак кемеде” академиялык драма театрынын артисти катары канчалаган башкы ролдордо ойноп келгенин билебиз. Бирок кезинде бычакка сап болуп келген жигиттин акырында минтип калышы башкаларга кандай а мен үчүн ушунчалык оор туюлду. Анан дагы өзүмдү жоонто бул го али эмгек сиӊирген артист деген наамы жок Чоро Думанаев экен.
Айтор айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өз эле дегендей көкүрөктө бууп жаткан Чоронун “Аппагыма” болгон сагыныч кусалыгым тынчтык бербеди. Баягы мырза жигиттин дидарыӊды дагы деле унутканым жок. Жигиттин Чоросу бойдон калдыӊ. Мен элестеткен Кишимжандын Олжобайы, Айганыштын Курманбеги сен леӊ аттиӊ ага ой жетсе да кол жетпей дымып калбадыкпы.
“Эй –ий Аппагым
Сен менен өттү жаш чагым” деген ырыӊдай “Аппагыӊ” бул сенин азбы –көппү элмӊ үчүн жасаган эмгегиӊ тапкан бактыӊ. Сен кыргыз элиӊдин жүрөгүндөсүӊ, ушу жагдайды унутпа. Мен деген кыргыздын алтын кылымын жараткан искусство маданиятынын үркөрдөй болгон улуу адамдарын тереӊ урматтайм. Башымды ийип таазим кылам. Ошолордун ктаарына сен да барсыӊ, Чоро. Кези келер максатым бар. Насип этсе экранга кргыздын мырза жигиттери жөнүндө жазгым бар. Алар Д. Байдөбөтов, Камчыбеков, Аралбаев анан сен. Силер 20 клымдын мырза жигиттери элеӊер ошол бойдон көз алдымда калдыүар. Акырында айтарым , Кайдасыӊ Чоро! Көз алдымда эсте калган унутулгус элес мага канчалык дем берет. Баягы , (андан бери 40 жылдай өтүптүр) экөөбүз күйөө-нөкөрдө отуруп таанышкан тумандан гүлдөчү өрүк зар биздин гүлгүн жаштыгыьызды эске салып жайында Сүймонкул акемдин бизге карап жалжылдап сүйлөгөнү дале да көз алдымда. “Уркуя” менен “Көчөнү” көрсөм дайыма сени эстейм. Себеби ошондо сен аралап жүргөн Баткендин өрүкзар ...бар. Балким карыган чагыбызда ошол өрүкзар чарбактарда жолукчу күн да бардыр.
Мурзакар Үсөнов
Булак: NazarNews.kg