www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мьянмада оппозиция лидери, Нобель сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжи төрт жылга эркинен ажыратылды. Ал коронавирустук чектөөлөр маалында санитардык эрежелерди бузууга жана коомду бөлүп-жарууга шыкактоого күнөөлүү деп табылды.

Бул жыл башында бийликке аскердик хунта келгенден берки Аун Сан Су Чжиге чыгарылган биринчи өкүм. Ага дагы бир нече беренелер боюнча айып тагылып, жалпысынан 100 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. 76 жаштагы Аун Сан Су Чжинин адвокаттары баардык айыптоолорду четке кагып жатышат. Ал өзүнө тагылган айыптарды мойнуна алган жок. Анын тарапташтары муну саясий куугунтук деп эсептөөдө.

Аун Сан Су Чжи 2016-жылдагы шайлоодон кийин Мьянманын лидерине айланган. Быйыл 1-февралда аскерлер жарандык өкмөттү кулаткан. Хунта жетекчилиги "Демократия үчүн улуттук лига" партиясы өткөн жылдын ноябрь айындагы шайлоодо жапырт фальсификация аркылуу жеңишке жеткен деген пикирде.

Июль айында шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бийликке хунта келгени Мьянмада ири демонстрациялар күч алып, аларды күч менен таркатууда миңден ашык киши көз жумду.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму 6-декабрда билдирүү таратып, Аун Сан Су Чжиге чыгарылган өкүмдү "Мьянмадагы эркиндикти муунтуп, бүткүл оппозицияны жок кылуунун" акыркы мисалы катары сынга алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости