www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, 13-июлду коронавирустан каза болгон өлкө жарандарын эскерүү үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Мамлекет башчы жакындарын жоготкон казакстандыктарга көңүл айтып, аларды бул оор күндөрдө чыдамдуу жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

«Жарандар кол куушуруп отуруп калып, депрессияга алдырбашы керек. Биз эч кимди кароосуз калтырбайбыз, ар бир казакстандыктын өмүрү жана саламаттыгы үчүн күрөшөбүз», — деди президент.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктурган кишилердин саны 51 миңден ашып, 264 бейтап каза болду. Өлкөдө 5-июлдан тарта карантиндик чектөөлөр кайра күчөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости