www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облустук штабында акыркы кырдаал талкууланып, коронавирустун жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында дагы бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Чектөөлөрдүн тизмеси:

10-июлдан тарта Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын жана башка облустарынын ортосундагы коомдук транспорт жана жеке такси кызматтары токтотулат;

Санитардык карантиндик посттордун иши күчөтүлөт. Жарандардын негизсиз башка аймактарга чыгуусуна жол берилбейт;

Азык-түлүк, тамак-аш, курулуш материалдарын ташыган оор жүк ташуучу унааларга гана облуска кирүүгө уруксат берилет. Жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматы көзөмөлгө алат. Ошол эле учурда бул унаалар жүргүнчү ташыбашы керек;

Жаратылышка эс алууга чыгууга тыюу салынат;

Той-мааракелерди өткөрбөө боюнча кабыл алынган чектөөлөргө баш ийбегендерге катуу чара көрүлөт;

Дары-дармек, тамак-аш азыктарынын баасын кымбаттаткан тараптарга катуу чара көрүлөт;

Өлкөнүн башка аймактарына дарыланууга барчу жарандар дарыгердин жолдомосу менен облустан чыга алат;

Облустун аймагындагы мал базарлар бир жумада бир күн гана иштөөсү белгиленет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости