www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Жылдыз Жолдошева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына күзүндө боло турчу шайлоо тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Экс-депутаттын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Шайлоону жылдырыш үчүн, Конституциясында жана мыйзамдарында так жазылып турат...Өлкөбүзгө Өзгөчө кырдаал, же Өзгөөчө абалды бир гана КР Жогорку Кеңеши киргизе алат... Ошондуктан, депутаттар абалды көрүп туруп, отпускага кетпей токтомду кабыл алып, өлкөбүзгө ЧС, же ЧП киргизип кеткенде, анда президент шайлоону өткөрүү боюнча буйрукка кол коё албайт эле. Мына ушул жөнүндө негизги кеп. Эми президент өз алдынча шайлоону өткөрүү мөөнөтүн жылдыра албайт, ал үчүн Н. Никитенко болобу, же башка депутат болобу... ЖК кезексиз жыйынын өткөрүү боюнча демилге көтөрүп, жок дегенде Өзгөчө кырдаал киргизгенде гана президент шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга мыйзам ченеминде буйругун бекитет. Наталья Владимировнаны мен да сыйлайм, бирок бул мыйзам... Кимиси президент болбосун мыйзамга баш ийүү керек. Мына ушул мыйзам ченемдерин бир депутат, ЖК, АП, Өкмөт, БШК эч кимиси элге түшүндүрмө бербегени өкүндүрөт... Мыйзам боюнча шайлоонун мөөнөтү кайсы убакытта, кайсы мыйзамдардын негизинде жылдырса болот деген, сурооңо БШК жооп берип койгула да", - деп жазып чыккан экс-депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости