www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда аскерге чакыруу токтотулду. Бул туурасында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын жетекчиси Римма Даниярова билдирди.
"Коронавирусту жайылтпоо эрежелерин сактоо үчүн жана өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу аскерге чакыруу токтотулду. Абал турукташканга чейин Куралдуу күчтөргө кабыл алуу болбойт", — деди Даниярова.
Ал аскер бөлүктөрдө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, баарына маскалар таратылып жана бардык жерге дезинфекторлор коюлганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүн, 24-мартта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды.
Булак: NazarNews.kg